БИР БҮРКҮМ. МУРДАГЫ САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ КАМАККА АЛЫНДЫ...

№863 16-22-май, 2019-жыл

  • Кытай Кыргыз милициясына 4 миллион долларлык материалдык-техникалык жардам көрсөтөт.
  • Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын кызматтык мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу анын ордуна судья Азамат Алыбаев шайланды.
  • Ош шаарында мыйзамсыз иштеген кумарканалар боюнча иликтөө жүргүзүп жүргөн маалда "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду сабап кетишти.
  • Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматын түзүү боюнча сыноо долбоору ишке ашырылат. Долбоор үчүн бюджеттен 381 миллион сом бөлүнөт.
  • Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева камакка алынды.
  • Быйыл Энелер күнүнө карата 1135 эне «Баатыр эне» ордени менен, 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.
  • Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 5 сомго көтөрүлдү. Буга чейин мектеп окуучулары коомдук транспортко 1 сом төлөп келишкен.
  • Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылын жалпы 11-класстан 65 миң окуучу аяктайт. Ал эми артыкчылык аттестат алуу үчүн жалпы 1044 окуучу тесттен өттү.
  • Быйыл Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси белгиленет.
  • Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду 7 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды.
  • Өлкө аймагынан чыгып кеткен Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликске издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
  • Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө кумарканалардын иштешине милиция кызматкерлери өздөрү кызыкдар экенин айтты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо