№863 16-22-май, 2019-жыл
14-май күнү акын Жыпара Исабаева интернеттеги жеке баракчасына: “Куттуктайбыз! Кандай жакшы! Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар.
Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам бир аалам болуп, эки дүйнө-бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып, уккан кулакты, көргөн көздү кубантып турган чагы.
Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат Садиев агабыз менен кыргыз поэзиясынын белгилүү акыны Бактыгүл Чотурова эжебизди тагдыр кошту. Элдин эки асылы, бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар! Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуу болуңуздар!
Жезделүү болгон кандай жакшы!”- деп жазып, сүйүнчүсү менен бөлүштү.
Биз Бактыгүл Чотурова айымды куттуктап байланышканыбызда жогорудагы маалыматтын чын экендигин тастыктады.
Элибиздин эки белгилүү инсанына бакыт каалайбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |