БИР БҮРКҮМ. ОКУУЧУНУ УНАА СҮЗҮП КЕТТИ...

№864 23-29-май, 2019-жыл

  • Бишкекте айдоочу жеңил унаасы менен 11 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бала ооруканада.
  • Өзбекстан бир аптадан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган цементти өткөрбөй жатканын депутат Азамат Арапбаев айтып чыкты.
  • Өкмөт: Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүндү.
  • Ысык-Ата районунда 4 жашар бала каналга түшүп кетип каза тапты.
  • Боом капчыгайы таштарды атайын кулатуу иштеринен улам 20-майдан 24-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат.
  • УКМКнын кызматкери 50 миң сом пара алып жатып кармалды.
  • Быйыл өлкөдө миңден ашык эне "Баатыр эне" ордени менен сыйланды.
  • Өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 81 миң 200 адамды түздү.
  • Кыргызстанда 2 миң 265 мектеп иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
  • Кыргызстанда кулчулук курмандыктары баш калкалай турган жай курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
  • 5-июндан 6-июлга чейин Кыргызстанда мектептер алдында 674 лагерь иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков 31-майда Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.
  • Кыргыз өлкөсүнө 12-июнда Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет.
  • Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 2019-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында Палестина менен беттеш өткөрөт.
  • Нарындагы памирлик кыргыздар аларга жер жана үй бөлүп берүүнү суранышат. Бул тууралуу алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтышты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо