МИЛИЦИЯНЫН АЛЫ ЖЕТПЕЙ, ПОЛИЦИЯ КЕЛЕБИ?

№403 23-29-июль, 2010-ж.

Кыргызстанга сырттан полициялардын киришине каршы болгондор кечээ Бишкек шаарында митинг өткөрүштү.
19-июль күнү ИИМдин өкүлү Шамшыбек Мамыров “кыргыз тарап ЕККУнун (Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюму) полиция күчтөрүн кабыл алууга даяр” деп билдирген. Ага чейин аталган уюмдун кеңеши Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарына 52 полицияны жөнөтүү чечимин карап чыккан. Анда орус тилин билген полициялар тандалып, алар 4 ай бою иштешет. Чет жердик полициялар бул убакыт аралыгында кыргыз милициясын окутуп, абалга байкоо жүргүзүшөт.
Бирок башка өлкөлөрдүн полиция кызматкерлеринин Кыргызстанга киришин акыйкатчы Турсунбек Акун менен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов колдобойт. Алар “өлкө өзүнүн күчү жана кадыр-баркы менен ички маселелерди чечүүсү зарыл” дешүүдө. Ошондой эле бул аптада шайлоого катышуу үчүн отставкага кеткен Исмаил Исаков: “Мен мындай чечимге каршымын, анын үстүнө түштүктөгү кырдаал турукташып калды”,- деди.
Мындай талаш-тартыштын келип чыгышына БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллайдын кыргыз күч органдарынын ишин сынга алганы да себеп болгон. Ал укук коргоочулардын маалыматына таянып, учурда өзбектер тартипти сактоо органдары тарабынан куугунтукка алынып жаткандыгын айткан. Бирок эмнегедир кыргыздар жабыркаса да, укук коргоочулар аларга көңүл бөлүшпөгөндөй маанай калтырат.
Байкоочулардын айтымында, полиция кызматкерлери келсе, абал ого бетер курчуп кетиши мүмкүн. ЕККУнун акыркы жообу Вена шаарында 22-июлда өтүүчү жыйында берилет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
27.07.2010. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каршы болгондордун баарынын себептери жүйөлүү. баары жайына келип баратканда келип, биздикилерди "үйрөтүп" анан биз Кыргызстанда ушинттик дегилери барбы? биздегилер билбеген эмнени билишет экен алар, эмнеге оздорун кыргыздардан кыйын сезип жатышат? Коруп жатабыз го эл аралык укук коргоочулардын деңгээлин. Укук коргоочу деген атка кимиси арзып жатат? Алар кылганды биздин айылдагы ушакчы кемпирлер да кылышат.
27.07.2010. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адегенде, Өзбекстандагы кыргыз, тажиктердин канча жылдан бери тебеленип келаткан укуктарын коргошсун, анчалык эле коргогуч болушса. анан ошонун жыйынтыгын коруп, иии дейли.
27.07.2010. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Олко озунун кучу жана кадыр-баркы менен ички маселелерди чечуусу зарыл" бул эн туура.Эмне болсо эле "берип койчу" деп суранган жаман кошунадай болуп баарын жадатып бутмой болдук
27.07.2010. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен каршымын сырткы полиция келишине,алар келсе точно без предел башталат,Кыргыздарды аяп коймок беле алар.Озубуздун милиция да жакшы карап жатышат.Тем боле эми тынчып калганда келбейле койгону жакшы.
27.07.2010. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат, оюнузга кошулам ;)
28.07.2010. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meni oilondurgani ozbek menen kirgiz eli chogu jashai albait eken Osh obl.ozbektege bolup berish kerek dese emne bolot?Otunbaeva kaisil jakti karap olturat ;(
28.07.2010. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Otunbaeva da kuturup ba6tagan go?
28.07.2010. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу этегибизди ача берип бутподук го.
28.07.2010. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне Кыргызстан общий дом болуп калдыбы анысы да келип кирип кете берет, мунусу да келип кирип кете берет , мамлеккеттин бир да белгиси жок . Государство дегендин озу жок баягы эле жегичтер , эч бири эл учун жери учун иштегиси келбейт. Ушул 2 жылдын ичинде бир нерсе озгорушуно козум жетпейт .Кыргызстанды только жаштар тургузушат дешет же жаштар корунбойт , дагы кандай сыноолор кутуп жатат кыргыз элин.
30.07.2010. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы чет элдик кинолордо дайыма окуя буткондон кийин келишет го полициялар, так ошонун озу болуп калыптыр!
31.07.2010. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dеdi. Мен сага кошулам алар узбекстанга барып ал жактагы кыргыздардын укугун коргоп корсун анан коробуз!
01.08.2010. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче алар кирип алып оз билгенин жасап озубузго эле душман болуушу мумкун, а эгерде бироосун эле олтуруп жэ бир деме кылып койсо кыргыздар кылбаса да бут дуйного баягы кыргыздар деп жаматты болобуз негизи мен дагы карышымын, биз карайлап турган 11..........16 июльдарда киргизишпейт беле бизге жардам бергилери келишсе? Азыр кичине тынчып калганда биздин чондор акылы менен иштесе, Кыргызстандагы кырдаалды женип кетебиз. КУДАЙЫМ БУЮРУСА!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо