КАРАЛООЛОРДУН КУРМАНДЫГЫ...

№403 23-29-июль, 2010-ж.

Баяндамачынын бурчу

Саясат айдыңында кеңири жайылган кезектеги ушактын бири – Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыров жакын доспу?
Эстеп көрсөк, Өмүрбек Текебаев жөнүндө кандай гана маалымат, ушактарды укпадык жана дагы көпкө уксак керек. Бир туруп үрөй учса, бир туруп "тобо" деп таң калтырган сөздөрдү эшитип келгенбиз. Баарын тизмелеп чыкса, баш адашат. Анын ичинен атактуулары: “матрёшка-гейт” ызы-чуусу жана жергиликтүү гезиттердин бирине жарыяланып кеткен сүрөттөрү. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дешет. Анын сыңарындай, бул адамга каршы кандай жалаа жабылбасын, аягында актыгы айгинеленип келүүдө.
Эми кезектеги ушакка келсек, “жаман кабардын төрт канаты болот” демекчи, ал шамалдай тез тарады. "Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыров жакын дос экен" деп айтышууда. Ооба, экөө жердеш, окшош муундун өкүлдөрү, эки улуттун саясий лидерлери жана Жалал-Абад облусунун кулундары болот. Экөө тең депутат болушкан. Бирок “достор” деген сөздөр Ош жана Жалал-Абаддагы кан төгүүдөн кийин башталды. “Кыргыз менен өзбектин ортосунда болуп өткөн кан төгүүнү көкүткөндөрдүн бири Кадыржан Батыров болчу” деген сөздөрдү эске алсак, мунун баарын эсепке алган бирөөлөр асмандан издегени жерден табылгандай, Батыровго Текебаевди дос деп чаптай салып, бул ушакты желдей таратышты. Кан жутуп, күйүнүп отурган түштүк элине мындай кабар кандай тиерин билишти да. Ошентип, Өмүрбек Текебаев дагы бир жолу каралоонун курмандыгына айланды.
Өзү бул ушактын келип чыгышы боюнча: “Мен К.Батыровдун досу эмесмин. Ортобузда эч кандай жеке байланыштар жок. Аны жердеш жана ЖКнын мурунку депутаты катары билем. Ал эми Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүн өрттөйлү деп жатышканда бир топ укук коргоочулар К.Батыров менен байланышуумду суранышкан. Ошентип, ал киши менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөм. Анын үстүнө ал жергиликтүү телеканалдар аркылуу “Ата Мекен” партиясына карата сын-пикирлерди айткан. Эгер экөөбүз дос болсок, бизди жамандамак беле?”- дейт.
Албетте, парламенттик шайлоого чейин дагы далай укмуш жаңылыктарга күбө болот чыгарбыз. Бирок атактууларды “коомдук адам” деген статуска байлап алып эле, “тепкилей” бербей, жети өлчөп, бир кесип иш кылсак жакшы болор беле?..


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
26.07.2010. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin jeke oium Omurbek Tekebaevge ishenbeim 100% Sebebi bul adam 2005 jylky okuialarda Akaevdin tarabynda turup algan kiyin gana Bakiev dep kyikyryp chykkan. Bakiev bul adamga jogorku kymzat berbegenden son algada karshy chykkan chyndygynda kimibiz korduk Omurbek Tekebaevdin kozgo korunuktu kylgan kzymatyn?
27.07.2010. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Шамал болбосо дарактын учу кыймылдабайт" деп бизден мурунку ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмесда.Ош окуясынан кийин УОттон умутум тарс эте эле сынып клды.Байкуш карапайым элге эле кыйын болду.
27.07.2010. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Текебаев абийирдүү адам деп билем. Ал жонундо чыккан чуунун баары анын абройун ого бетер которду десе болот. Ак адамды эптеп каралоонун далалаты экени билинип калып жатты.
Бирок, "Инсанат" уктуруусунда анча-мынча озун которо чалып сүйлөп койду. Адам да. Такшалган саясатчы экени талашсыз го, ошентсе да, миң такшалсын, Кудай бербесе тынчтыкты эч ким бере албастыгын көңүлүнө түйүп койуусу зарыл.
27.07.2010. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tekebaevdik Tekechiligi degen maalymatty okup ishengen emes elem. Okunuchtuusu anin tasmasyn korgondn kiyin ishendim. Olko bashkara turgan adamdyn en birinchi kezekte abiyridu jana yimaduu boluusu zaaryl!!!
27.07.2010. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Текабаевди такшалган саясатчы катары сыйлачумун бирок эмне учун К.Батыров баштаган озбектер Бакиевдердин уйун ортторун билип туруп,бир канча байланышка чыкса дагы баары бир уйлор орттолду.Кыскасы,ушунча кыргыз биригип бир сартка тили отпогонуно кейип кетет экенсин
27.07.2010. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бириккен коз боёмочулар, артисттерден да оозуп кетишет бул планда.
27.07.2010. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артисттер хоть элди алдап, элдин байлыгын талашпайт.
27.07.2010. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында УО бирине да ишенбейм калдым, бири да кан тоогусуз иштебеди!
27.07.2010. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndykty suilogon bir insan bar alda Ismail Isakov ushul adam Kyrgyzstanda ozgoru jasai aldy deim sebebi Kyrgyz Armiyasyn kyrgyz kyldy!!! Orustardan ajyratty!! Isakovdu ishini tak bilgen kyrgyzdyn chynygy ulutchul insany katary syilaim!!!
28.07.2010. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men ech kimge ishenbeim ech kimge shailabaim menin kostitusialik ukugum ebak ele jok bolgon
emi emne kilabyz jany okmot kudaidan kaza bolgon baldardyn arbaginan korkup jakshylap ishtep berse onolobuzbu degen ele bayaky ele umutum
28.07.2010. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пока семь раз отмеришь – другие уже отрежут…
29.07.2010. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев Акаевге оппозиция болуп чыккан кезди эстесенер. 2005-ж. март айына чейин, теледен (КТР) Бакиев Акаевди шыбаткан учур, ошондо Текебаев Бакиевди: "Карышкыр терисин жамынган оппозиция" дегени бар ж-а ошол эле убакта Акаевге каршы турган.
Менин оюмча Текебаев азыркы учурда бышып жетилген политик. Айткан создору, ойлору, иштери тыкан, ишенимдуу, жеткиликтуу.
29.07.2010. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле Текени мынча мактап атасыздар биз прекрасна билебиз анын кандай адам экенин он патхалим. Кана биздин мурунку жазган создор?
29.07.2010. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо биз сиздерге тушунбой атабыз?
29.07.2010. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕЛДИ ТЕКЕ АКАЕВ менен Америкага барып кол алышып келгенден кийин 2005ждагы революция болуп кеткен.
29.07.2010. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EExxx Sozdun kyskasy Tekebaev jakshy adam emes bul eski boorulordun biri Akaevge kol tiybestik berebiz dep churkurap parlamentte kakshagan ushul adam emesbi?? Emne unuttunarby? Teke tekechiligini kylyp el bashkargandan uzak bolsun!!!!
30.07.2010. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бети жоктун бир создору эсимде."Мени озбек акаларим колдойт, мен кыргызга ишенбейм"-деген эле.
30.07.2010. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевдин жанагы тасмасын мен да коргом Текечилиги туурасында, ошодон кийин мен бул кишиге Кыргыздын бийлигинде бир да орунду ыраа корбоймун! Эл башкаруу жеке ыйманындан башталат! Бул киши кыргыз элин болбогон тыйынга озбектерге сатып жиберуудон да кайтпайт!
30.07.2010. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ceed Tupa tuura aitasyn satyp jiberuudon ech korpoit bet degen jokda!
30.07.2010. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевдин эмнесине ишенесинер? Корунуп эле турбайбы, Текебаевдин колунан жакшылык келбейт.
30.07.2010. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев менен Бакиев канча жеп Кыргызстанды тойгон болсо Текебаев деле андан калышкан эмес , оз эркинче эле бийликтен кетсе болмок ,Кыргыстан учун жан куйдургон бир дагы эр азаматт депутаттар жок .
31.07.2010. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев тили анан "текечилиги" менен белгулуу. Башка кандай коруно турган иш кылды?!
07.08.2010. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев мезгилинде да Бакиев мезгилинде дагы ТЕКЕБАЕВ опозиция болуп турду башка байлыкты коздогондор кошоматтанып кетишти,КЫРГЫЗСТАНДЫ ондосо бир гана ТЕКЕБАЕВ ондойт,мен 100% ишенем,ойлобогула тууган-пууганы деп САЯСАТЧЫ КАТАРЫ ГАНА ТААНЫЙЫМ.
07.08.2010. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alfia А мумкун Текебаев сен озундурсун?
23.08.2010. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tekebayev 100% koldoym
29.09.2010. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbektm Текебаевди сен мин колдосон да сенден башка мин адам бир жолу болсо да колдогусу келбеген сон эмне пайда. СуперИнфо Текебаевге тартам деп отуруп Текебаевдин озун да, гезитте иштеген жалпы жамаатты да окурмандарына жаман корсотуп алышты.
29.09.2010. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак менен дос болсон эл секни да акмак ойлойт, ошол себептуу да кимдир бироого жан тартаарда элдин пикирин сурап койгон жакшы, агымга каршы сузгонун менен алыс сузо албайсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо