АТАМБАЕВ КСДПнын ТӨРАГАЛЫГЫН ТАПШЫРДЫ

№865 30-май - 5-июнь, 2019-жыл

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы төрагалык ишин токтотуп, партия курамынан чыкты. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Атамбаев экс-президенттер тууралуу мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдөн улам төрагалыктан кетти жана партия курамынан убактылуу чыкты.

Айта кетсек, 15-майда президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Анда экс-президенттер мамлекеттик бийлик органдарында саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей алышпайт, мындан тышкары саясий партияларда төрага болууга же башка партиялык иштерге аралашууга укугу жок деген норма бар. Бул милдеттерди аткарбаса экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат, аны республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоо токтотулат.

КСДПнын саясий кеңеши партиянын төрагалыгына Асел Кодуранованы шайлашты. Ошондой эле Фарид Ниязов партиянын саясий кеңешине мүчө болуп кирди.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо