“СОТТОРДУН АК ҮЙДӨГҮ КУРАТОРУ” АТАЛЫП ЖҮРГӨН МАНАСБЕК АРАБАЕВ КАМАККА АЛЫНДЫ

№866 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл

2-июнда президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тар чөйрөдө Арабаев “көмүскө кардинал”, “соттордун Ак үйдөгү куратору” деп да аталып жүрөт. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Арабаев "Чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелип кармалды. Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине "Коррупция" беренеси боюнча катталды.

4-июнда Бишкекте Биринчи Май райондук сотунда Манас Арабаевдин баш коргоо чарасы каралып, сот аны 1 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Сот имаратында аны жарандар “наалат” деп жемелеп тосуп алышып, соттон чыкканда да каргап узатышты. Аны жумуртка, баштык менен ургандар дагы болду.

Арабаевдин камакка алынышы сотторго буйрук берүү менен чыгарылган көп мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгарышы мүмкүн деген сөздөр айтылып жатат. Эгер ал тергөө менен кызматташып, 2017-жылга чейинки кыңыр иштер тууралуу айтып берсе мыйзамсыз чечим чыгарган соттор, ошондой эле ага буйрук бергендерге да иш козголушу ыктымал дешет эксперттер.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февралынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалаган. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган. Буга чейин айрым жарандык активисттер, саясатчылар Арабаевдин дарегине "Ак үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындарды айтып келишкен. Ошондой эле соттордун ишине кийлигишип жаткан үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылгандар да болгон.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо