ДЕПУТАТТАРДЫН САНЫН КЫСКАРТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

№866 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл

Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын кыскартуу, маянасын азайтуу жана бардык артыкчылыктарын жоюу демилгеси көтөрүлүп, кол топтоо аракети башталды. Демилгечи журналист Алёна Хоменконун сунушун жарандык активисттер колдоого алды. Көпчүлүк бул демилгени кош колдоп колдогону менен, аны ишке ашыруу жеңил иш эмес. Себеби депутаттардын санын азайтуу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Мындай идеяны сунуштаган демилгечи “эл өкүлдөрүнүн алгылыктуу иштерин көргөн жокпуз, демек, биз аларга маяна төлөөгө милдеттүү эмеспиз” дейт.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы 28 миңден 35 миңге чейин. Ар бир эл өкүлүнө ай сайын маянасы жана сыйлыктарынан тышкары кызматтык чыгымдары үчүн 28 миң сом бөлүнөт. Жогорку Кеңештин керектөөсү үчүн 2019-жылы бюджеттен 788,6 миллион сом каралган.

Учурда парламентте жарытып мыйзам жазбаган, жыйындарда сөз сүйлөбөгөн, атүгүл парламент жыйындарына басып келбеген депутаттар бар. Алсак, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Орозбек Алыбаев 2018-жылдын июнь айында депутаттык мандат алган. Бир жыл ичинде эл өкүлү бир дагы мыйзамды демилгелеп чыккан эмес. Бул "эмгеги үчүн" ал өткөн жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ушул эле “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу бир жылдан бери жумушка келбейт. Учурда ал Алматы шаарында дарыланууда.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо