-

Кытай өкмөтү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жалпы баасы
4,3 миллион доллар болгон чопкутталган автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана унааларды берди.
-
Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов "АКНЕТ" компаниясына төрагалыкка шайланды.
-
Кыргыз Республикасында 2018-2019-окуу жылында 20 миңге жакын чет элдик студент окуду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
-
Бишкекте 14-июнда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин 300дөн ашык чет элдик журналист чагылдырат.
-
Кыргыз Республикасында мектепке чейинки курактагы 1 миллион 40 миң бала бар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
-
Бишкек шаарында 1-июндан 20-июнга чейин митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
-
8-июнда Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" деген аталыштагы митинг өтөт.
-
Республикалык бюджеттин чыгашасы 2019-жылдын январь-апрель айларынын аралыгында 39 миллиард 401,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
-
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Орозо айт майрамына карата камактагыларга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жалпысынан 575 жаранга мунапыс берилет.
-
7-июндан 9-июнга чейин Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
-
Сокулук районуна караштуу Орок айылында Айт намаздагы өспүрүмдөрдүн мушташынан улам жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыкты.