БИШКЕК ШКУнун САММИТИНЕ ДАЯРДАНУУДА

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл

13-14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индиянын мамлекет башчылары келери күтүлүүдө. Ошондой эле ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн жетекчилери келет. Даярдык адаттагыдай кечиккени Бишкекте шашылыш оңдолуп жаткан жолдордон эле байкалып турат. “Манас” аэропортунан мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына чейинки жолдун начар тилкелерине саналуу күндүн ичинде асфальт төшөлдү. Мисалы, Жибек-Жолу тилкесинин Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейинки бөлүгү.

Бул иш-чарага карата Кыргыз тарап Орусиядан 56 жеңил автоунаа, 10 автобус белекке алганы белгилүү болду. Ал эми вице-премьер Жеңиш Разаков саммитке карата Улуттук филармония, мейманкана өңдүү жайлардагы даярдыкты текшерип чыкты. “Алдыда жооптуу иш турат. Саммитте коопсуздук эң жогорку деңгээлде болушу керек”,- деди чиновник. Коопсуздук үчүн 1-июндан 20-июнга чейин Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө да киргизилген. Тагыраагы, ИИМ тарабынан бул күндөрү ар кандай митинг, нааразычылык акцияларын Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүү сунушталган.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо