АКТЁР, КИНООПЕРАТОР НУРТАЙ БОРБИЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл

Кинооператор, режиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуртай Борбиев 8-июнь күнү 82 жаш курагында дүйнө салды. Жакындары 2017-жылы анын жамбаш сөөгүнө оор операция жасалганын, операциядан кийин калыбына келүү процесси оор болгонун айтышты.

Нуртай Борбиевдин кыргыз киносуна кошкон салымы зор. Эмгек жолун оператордун жардамчысы болуп баштаган. Ал “Ак илбирстин тукуму”, "Сүйүү жаңырыгы", "Маңкурт" жана башка тасмаларга операторлук кылып, “Көчө”, “Саманчынын жолу” тасмаларында роль ойногон. Ошондой эле сценарист, режиссёр катары да чоң эмгектери бар. Тарткан фильмдеринин басымдуу бөлүгү эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-орунду алган. Борбиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-июнда өттү.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Нуртай Борбиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо