ЖЭБ чыры: КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИН КОЛУ КОЮЛГАН ДОКУМЕНТТИН СҮРӨТҮ ТАРАДЫ

№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл

Интернет желесине Бишкек ЖЭБин жаңылоого насыя алууну колдоо тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2013-жылдагы чечиминин сүрөтү тарады. Документке аталган комитеттин ал кездеги төрагасы Каныбек Иманалиевдин колу коюлганын көрүүгө болот.
Документте комитет Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну карап, жактырды деп жазылган.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө жылуулук берүү кескин төмөндөп кеткен. Көп өтпөй ЖЭБди 386 миллион долларга жаңылоо ишинде күмөндүү жагдайлар бар экени ачыкка чыккан. Бул фактылар боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, энергетика тармагындагы жооптуу 7 чиновник, экс-премьер-министрлер, мурдагы министр камакка алынган. Алардын арасында экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев дагы бар. Коомчулукта, убагында насыя алууну колдоп, кийин ал иш-аракетти сындаган эл өкүлдөрүнүн жоругун саясий упай топтоо аракети катары баа берип, сындагандар болууда.


Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо