№869 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
"Ар бир ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аял турат" деген сөз бар кыргызда. Кыргыз кино чөйрөсүндө көрүнүктүү орду бар, таланттуу актёр Аскат Сулайманов бул ирет бизге аны жарыкка алып келген апасы, дем берген эжелери, карындашы, жубайы, кыздары, айтор, жашоосундагы аялзаты тууралуу айтып берди.
«МЕН ӨЛСӨМ САГА КАБАР ЖЕТПЕЙ КАЛАТ ДЕЧҮ»
Апам түн уйкусунан калып, бизди тарбиялап өстүргөнү үчүн терең ыраазымын. Бала кезде сабактан качып, 3-кабаттан секирип дегендей, көп тентектик кылдым. Мугалимдер үйгө келип арызданышса, апам «сени жалгыз чоңойтуп жатсам, эмнеге тентектик кыласың? Бул 3 кыз сени эш тутат» деп ыйлап калчу.
Мектепти бүтүп, Казакстанга актёрлукка окууга тапшырганда апам каршы болду. Эски түшүнүк бойдон «артисттер күнү-түнү гастролдоп жүрө берет» деп ойлогон окшойт. «5 уул болсоңор бир жөн. Болот Миңжылкыев апасы өлгөндө Орусияда гастролдо жүрүп кабарсыз калып, топурак сала албай калыптыр. Мен да өлсөм сага кабар жетпей калса кантем?» деди. «Ал эски заман, апа, азыр телефон бар. Мен кайда кетеримди айтып кетем» десем, «мени өлбө дейт экен десем, өлсөң кабарымды айтам дейсиң» деп ошондо бир жолу ыйлаган. Ал кезде 17 жаштагы бала болсом, сөздүн төркүнүн түшүнгөн деле эмес экенмин.«КАРЫНДАШЫМДЫ МЕН БАКТЫМ»
7-классымда эки эжемди тең, улуусун эртең менен, ортончусун кечинде ала качып кетишти. Экинчи эжем Бактыгүл ал кезде Балыкчы шаарында иштечү. Апам «Бактыгүлгө барып Динара эжеңди ала качып кеткенин айт. Жумуштан суранып келсин» деп жөнөттү. Автобус менен барып айтып келгеним менен, кеч кирсе да Бактыгүл эжемден кабар жок. Бир маалда «кулдугубуз бар, кудагый» деп бирөөлөр кирип келишти. Апам «уктук-уктук. Эртең менен ала качкан экен» десе, алар таң калып, «биз жаңы эле алып келдик» дешет. Апам ошол жерден дендароо болуп «чыккыла эшикке» деп кыйкырып, ызы-чуу түшүп жатып калдык. «Өзүм жалгыз болсом, куданы кантип тосом?» деп аябай сарсанаа болгон.
Ал кезде карындашым бала бакчага барчу. Апама жардам болсун деп аны көтөрүп бала бакчага алып барам, кайра алып келем, тамагын жасайм, кирин жууйм. Ошентип, 1-класска чейин бактым. Ойносом да жанымда, көлгө түшсөк да чогуу түшчү. Азыр ал карындашым чоңоюп, өз алдынча оокат кылып калды.
«АЯЛ КИШИ КӨТӨРҮМДҮҮ БОЛСО ҮЙ-БҮЛӨ БУЗУЛБАЙТ»
Өз башымда бар, үй-бүлөдө түшүнбөстүк болгондо аялзаты эч качан «мен кеттим, ажырашам» деп кетпеши керек. Бир кетип кайра келгенден кийин жашоо мурункудай болбойт. Кеткенде алар «артымдан чуркап ата-энеси менен кошо кечирим сурап келет» деп ойлошот. Эч качан андай болбойт. Үйүнө барып алып келген күндө да кеткен жарака бүтөлбөйт. Ошондуктан колдон келишинче кетпеш керек, кетсе кайрылып келбеш керек.
Бул эми кырктан өткөндөгү акыл да. Мен билген түгөйлөрдүн көбү акчанын айынан ажырашат. «Жакшы таап келбейсиң же таап келгенди туура кармабайсың» деген сөздөр себеп болот. Азыркы заманда акча табуу кыйын. Күнү-түнү акча табам деп тытынып иштеп, үйгө чарчап келсең аялың бир нерсени айтса жарыласың да. Албетте, аны жеңип жаткандар бар, бирок аз.
Негизи мырзалар өзүмчүл келет эмеспи. Бирок мен биринчи келинчегим турмушка чыкса, ушундай жеңилдеп калмакмын. Чогуу жашаган 17 жыл оңой эмес да, ал бир тууганымдай болуп калган. «Мен үй-бүлө күттүм. Ал жалгыз жүрөт. Кантип жатат?» деп баары бир ойлонот экенсиң. Ошондуктан ал турмушка чыкса бакыт каалайм. Орустар айтмакчы, жашоого бир жолу келет экенбиз. 5 жыл мурун «эл эмне дейт?» деген түшүнүк менен жашасам, азыр өзүмдүн кызыкчылыгымды биринчи орунга коём.
Экинчи жубайым Мээримге үйлөнөр алдында «менин 5 балам бар, алар үйгө келип турушат. Эгер жактырбай, кагып-силкип, чынылар ыргып баштаса, анда жашай албайбыз. Балдарыма акча берем, "аларга эмне берип жатасың?" деп да суракка албашың керек. Мен 5 баламды сага алмаштыра албайм. Ошону кабыл алсаң гана бош кошобуз» дегем. Албетте, балдарыма да «Мээримди уккула, өгөй десеңер капа болом» дегем. Чынында, өмүр бою өгөй темасында чайналып өтсөм керек деп ойлочумун. Бактыга жараша, бизде андай болгон жок. Мээрим түшүнүктүү, балдарым да аны жеңелеп сыйлап турушат.
Аял киши бактылуу үй-бүлөнү сактап калышы үчүн эркектин айрым нерселерине көз жумуп коюш керек. Гүлнара Кахарова «эркектин артынан сая түшүп, кайдасың, ким менен жүрөсүң дебеш керек. Ал бир күнү баары бир кайтып келет» деп маек берген экен. Аны колдойм. Эркек деле келесоо эмес да, «байкуш жубайым калп эле билмексен болуп жүрөт. Койчу токтотоюн, жубайыма кайтайын» дегендер толтура. Аял киши көтөрүмдүү болсо үй-бүлө бузулбайт, балдар толук кандуу үй-бүлөдө бактылуу жашашат.«КЫЗЫМ МЕНИ КӨРҮП ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ»
Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы, балдарым үйдө. Кыздарым чоңоюп жатышат. Албетте, аларга негизги тарбияны апасы берет. Менин апам да «силер жөн кишинин кызы эмессиңер. Аскаттын кызы деп жаман сөзгө калтырбагыла» деп эскертип турат. Кыздарым, көз тийбесин, акыл-эстүү, оор басырыктуу.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Эми ушул темпттен жазбай чыгармачылыгынызды оркундото бериниз,уй-булонузго бакыт жана ден-соолук,азыркы жубайынызга сабырдуулук жана аялдык бакыт каалайм.
Мурунку жубайыныз дагы оз бактысын таап кетсин..