Бишкектеги калкты тейлөө борборлору 24-июндан тарта 8:00дөн 19:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштеп баштады. Мурда саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштечү.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин №1-тергөө абагында калтырды.
-
«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабы боюнча видео камералар 2020-жылы орнотулат. Долбоордун 2-этабы бүткүл өлкөнү камтып, жалпы 306 жерге камера орнотулат.
-
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов кармалды.
-
Ошто мигранттарды реабилитациялоо борбору ачылды. Ал жерде мигранттарга укуктары, ишке орношуу жана алар барып иштеген өлкөлөрдүн мыйзамдары тууралуу кеп-кеңештер берилет.
-
Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз жол менен өлкөгө киргизилгени жаткан 59 500 куту тамеки кармалды.
-
Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп «Гознак» ЖЧКсы табылды. Келишимге ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 1-августтан тартып бериле баштайт.
-
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
-
Өкмөт Кара-Балта тоо-кен комбинатында уранды кайра иштетүү үчүн уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда премьер-министр Абылгазиев билдирди.
-
Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата «Ашлям-фу Fest» иш-чарасы уюштурулат. Анда 1500 тонна ашлям-фу жасалат. Майрамдык иш-чара 1-июль күнү Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта өтөт.
-
Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кыргыз Республикасындагы саммитин уюштурууга кеткен 6 миллион 760 миң доллар каражатты Кытай бермей болду.
- 24-июнда Казакстандын Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде жарылуу орун алды. Окуядан үч адам каза болуп, жаракат алган 70 адам ооруканада дарыланууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg