Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорлугуна Салкын Сарногоева дайындалды.
-
Курман айт майрамы 10 же 11-августта белгиленери болжолдонууда. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
-
Кыргыз өлкөсүнүн зыяратчылары 16-июлдан тарта Меккеге ажылыкка жөнөтүлүп баштайт.
-
Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов отставкага кетип, экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдой турганын жарыялады.
-
Чүй облусунун Токмок шаарында үйлөнүү тойдо 90дой адам ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
-
2018-жылы Кыргыз өлкөсүндө сот тутуму ата-энелик укуктан ажыратууга байланыштуу 738 ишти караган. Анын алкагында 308 жаран аталык, 128 жаран энелик укуктан ажыратылган.
-
Адам укугун коргогон эл аралык сегиз уюм Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге кайрылуу жолдоп, Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу маселесин көтөрүштү.
-
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 2019-жылга карата район боюнча каттоого алынган 2843 итке паспорт берилди.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргыз Республикасында 2019-жылдын башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болду. Анын ичинен 18 адам 12 жашка чейинки балдар, 12си өспүрүмдөр.
-
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул эки күн ичинде берилерин билдирди. Эми сүйүнчү пулду алуу үчүн төрөгөн аялдын паспорту менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү гана жетиштүү.
-
Орусияда жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетип, ал каза болду.
-
Бир жылда президент парламент кабыл алган 2 мыйзамга кол койбой, артка кайтарганын спикер Дастан Жумабеков билдирди.
-
УКМК: Икрамжан Илмияновдун иши сотко жөнөтүлдү.
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Чарльз Гаррет дайындалды. Бул тууралуу ТИМ маалымдайт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg