БАТУКАЕВ ОКУЯСЫ: МУРДАГЫ УКМК ТӨРАГАСЫ КАЧЫП КЕТТИБИ?

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште тергөөчүлөр Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевди суракка алуу үчүн таппай жатышканы айтылды.

Айрым маалыматтарга караганда, кримтөбөл Батукаевдин ишине байланыштуу бир нече адам камакка алынгандан кийин Табалдиев өлкөдөн чыгып кеткен. Эскерте кетсек, Табалдиев 2011-жылдан 2013-жылга чейин Коргоо Кеңешин жетектеген. Андан соң УКМКга төрага болгон.

Ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлиги анын дайыны тууралуу маалымат бере элек. Ошондой эле Табалдиев өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматты ырастап же төгүндөй да элек.

Табалдиевдин бул ишке тиешеси болушу мүмкүн экенин ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун өз көрсөтмөлөрүндө белгилеген.

Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга учуп кеткен. Аны абактан бошотуу мыйзамсыз болгон делинип иш быйыл кайра карала баштаган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо