БИР БҮРКҮМ. ЗЕЛЕНСКИЙ ПУТИНДИ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ...

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганын билдирди.
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдында "Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт.
  • 8-июнь күнү мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 51 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырды.
  • Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган судья Жапар Эрматов Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди.
  • Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 16 жашка чыга элек Кыргыз жарандарына жалпы жарандык паспорт 10 жумуш күндүн ичинде берилет.
  • 1985-1989-жылдары Кыргыздын маданият министрлигин жетектеген Марклен Баялинов дүйнө салды.
  • Коррупцияга каршы күрөштүн артынан казынага түшкөн акчанын эсебинен Чүйдөгү, Бишкектеги жана Оштогу 15 мектепке кошумча корпус куруу үчүн 799 миллион сом бөлүндү.
  • Ысык-Көлдө балык чарбанын көлмөсүндө ойноп жаткан төрт жашар кыз сууга чөгүп каза болду.
  • Украинанын президенти Володимир Зеленский социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Орусиянын лидери Владимир Путинди бетме-бет сүйлөшүүгө чакырды.
  • “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн айып пулдун бир бөлүгү "Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.
  • Кыргыз Республикасы 2019-жылдын алгачкы беш айында мамлекеттик карызды төлөөгө 10,7 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.
  • 15-сентябрда Бишкек шаарында "Ак илбирсти сактайлы" аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт.
  • 10-июлда эртең менен Бишкекте машруттук такси менен жеңил машине кагылышып, 12 киши жабыркады.
  • Ысык-Көл районунун Бает айылынын 37 жана 59 жаштагы эки тургуну аракка ууланып каза болду.
  • 2-август күнү Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо