БИР БҮРКҮМ. ЖУМУШСУЗДАРДЫН САНЫ 27 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ...

№873 25-31 июль, 2019-ж

  • Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети Бишкек мамлекеттик университети болуп өзгөрдү.
  • Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров кызматтан бошотулуп, ордуна Кабыл Абдалиев дайындалды.
  • Элдар Абакиров экономика министринин орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Султан Ахматов дайындалды.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков марафондо Босфор кысыгын сүзүп өттү.
  • Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны былтыркыдан 600 миңге көп болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.
  • Кыргыздын куралдуу күчтөрүнүн командасы эл аралык аскер оюндарынын алкагында өтүүчү "Коопсуз маршрут – 2019" сынагына катышат. Сынак 5-августтан 12-августка чейин Орусиянын Тюмень шаарында өтөт.
  • Дамир Алыбаев ИИМдин Ички аскердик штабынын башчысы болуп дайындалды.
  • Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу комитети түзүлдү.
  • Өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын июнь айында 82,7 миң адамды түздү. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга көп.
  • Жаңы түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматына кадр тандоодо ИИМдин 61 кызматкери сынактан өтпөй калды.
  • Кыргыз өлкөсү Мамлекеттик тарых музейин оңдогон германиялык компанияга
    225 миң евро карыз. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
  • Сентябрь айынан тарта маданият тармагында иштеген мугалимдердин айлыгы көбөйөт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо