-
.jpg)
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору
АБДЫКАЛЫК РУСТАМОВдун кармалганы айтылууда. УКМК маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын биринчи президенти НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ телефон аркылуу сүйлөшүштү. Маалымат 30-июнь күнү Назарбаевдин расмий сайтына жарыяланды.
-
3 МИҢ АСКЕР кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди.
-
Транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 14 жылга ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ.
-
УКМК Курманбек Бакиевдин 70 жылдык юбилейине арналып, аны мактаган даректүү тасманы көрсөткөн телеканалдарга ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ.
-
АИДА САЛЯНОВАнын жүрөгүнө панкардит диагнозу коюлду. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.
-
Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кармалып, УКМКнын СИЗОСУНА камалды. Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелип жатат.
-
Кыргыз өлкөсүндө 9-сентябрь – КОМУЗ КҮНҮ деп белгиленет. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
-
Чүй облустук сотунун коллегиясы 2010-жылдагы Июнь окуясына айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган АЗИМЖАН АСКАРОВду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.
-
СОЛТОН-САРЫДАГЫ "Jhong ji Mining" кен казуу компаниясы Нарын облусунда кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө макул болду.
-
АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨДӨН качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт. Буга байланыштуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
- Кыргызстанда ГЕМОДИАЛИЗ процедурасын 1508 киши алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg