АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИ БЕКЕР ИШ САПАР ҮЧҮН БӨЛҮМ БАШЧЫНЫ МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫНА АЙЛАНТКАНБЫ?

№875 8-14-август, 2019-жыл

Интернетке Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаевдин колу коюлган маалым каттын сүрөтү тарады. Ал документте аталган министрликтин кызматкери Анаркүл Беккулиеванын статусу министрдин орун басары рангындагы Өндүрүш коопсуздугу боюнча бөлүм башчы экени айтылат. Сүрөттү жарыялаган автор “Кытайда эл аралык жарманке өтөрүн, уюштуруучулар Кыргыз тараптан министрдин орун басары рангындагы өкүлдү чакырганын, ал эми министрлик катардагы бөлүм башчы Беккулиевага “министрдин орун басары рангында” деген маалым кат берип ошол иш сапарга жөнөтүп жатканын” айтып чыкты. Бул маалымат ЖМКларда негизги темага айланып, талкуу күчөдү. Парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева интернет баракчасында бул окуяны “Кыргызстанды эл аралык деңгээлде уят кылуу” деп атады. "Жергиликтүү калкты жыргатпаган жетекчилер эми бизди ушинтип эл аралык деңгээлде да уят кылып бүтүрүшөт турбайбы", - деп жазды депутат. Аталган министрликтин башчысы Эркинбек Чодуев бул окуя боюнча жооп бере элек. Министрликте бул документ боюнча комиссия түзүлдү, азырынча жыйынтыгы чыга элек. Андыктан бөлүм башчыны министрдин орун басары деп кызматын бурмалап, Кытайга саякатка жөнөтүүгө ким кызыкдар болгону ачык бойдон калууда.

Негизи бекер же мамлекеттин эсебинен төлөнүүчү иш сапарларын Кыргыз чиновниктери өзгөчө жакшы көрүшөт. 2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде да чуу чыккан. Аталган министрликте министрдин орун басары кезинде Зууракан Каденова Түштүк Кореянын аэропортунда чатак чыгарып, ушул окуядан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Чуу уланып, аталган министрликтин жетекчиси жана орун басарлары адистерди окутуу үчүн чет өлкөдөн келген чакырууларды өздөрүнө ыйгарып алышары, чет жактарга сапарларга көп чыгышары ачыкка чыгып, талкууга түшкөн. Бул билдирүүдөн кийин иликтөө жүрүп, Башкы прокуратура ал кездеги министр Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузганын, тийиштүү билдирүү жана отчётторду беришпегенин, диппаспортторду өз убагында атайын бөлүмгө тапшырбай жүрүшкөнүн жарыя кылган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо