Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев: “МЕН АЙДАРЧИК ЖЕ МАКСИМ ЭМЕСМИН”

№876 15-21-август, 2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев атасы, күч түзүмдөрүнүн Кой-Таштагы операциясы, келечеги тууралуу айтып “Жаңы жүздөр” басылмасына маек берди.

Ал атасы кармалган күнү Бишкекте болбогонун айтат. “Мен апам менен чогуу Ысык-Көлдө болчубуз, кармоо тууралуу жаңылыктардан билдим. Мындай окуя биз үчүн биринчи жолку эмес, 2010-жыл жакшы эсибизде”,- дейт ал.

Ошондой эле ал атасы боюнча спецназды атып өлтүрдү деген сөздөргө ишенбей турганын айтат. “Спецназдын өлүмүнө атамдын тиешеси жок. Атам бирөөнүн айыбын жабуу үчүн өзүн жаманатты кылып, күнөөнү моюнуна алып алды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгон спецназдын жоокеринин үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Бул жерде күнөөнүн баары Атамбаевде эмес, бийликте болууда. Атамды колго түшүрүү операциясы башынан эле туура эмес пландалган”,- деди мурдагы президенттин уулу.

Белгилей кетсек, Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон жоокер Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү кармалганын ЖМКлар жеке булактарга таянып жазып чыгышты. Аны Атамбаев да, анын жан сакчылары да атпаган, жоокерди өзүнүн автоматы менен аткан, шектүү катары кармалган жаран окуя учурунда ошол жерде жүргөн адамдардын бири деп айтылат маалыматта.

Кадыр Атамбаев өлкөдөн качып кетүүнү көздөбөй турганын да баса белгиледи. “Мен өлкөнү тоногон Айдарчик же Максим эмесмин. Атамдын татыктуу уулумун. Эч жакка кетүүнү пландаган жокмун. Атам убагында "саясатка эч качан аралашпагыла" деп ар бирибизден убада алган. Мен окууну улантууну пландагам, себеби чакыруу да бар болчу. Китептеримди жазууну улантам. Акыркы окуялардан кийин атама берген убадамды бузууга туура келип жатат. Ата, кечирип кой, бирок мен саясатка аралашууга аргасызмын. Муну менин жан дүйнөм талап кылууда”,- деди Кадыр Атамбаев.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо