ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУ УКМК МЕНЕН ФИНПОЛ СУРАККА АЛУУДА

№877 22-28-август, 2019-ж.

Өткөн аптада Кыргыз жерине кайтып келген саясатчы Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды.

19-августта Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында (Финпол) күбө катары суракка алынды. Сурактан чыккан соң ал журналисттерге «Кыргызстан» банкынын акциялары боюнча суралганын, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындан башка маалымат айта албай турганын билдирди. Буга чейин Бабановго карата 2008-жылы «Кыргызстан» банкынын акцияларын рейдерлик жол менен тартып алган» деген айыптоолор айтылган. Бирок Бабанов бул дооматтарды четке кагып келет.

20-августта Бабанов Оштун Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга күбө катары суракка чакырылды. Тагыраагы, «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен 2017-жылы ачылган кылмыш иши боюнча суралды. Суракка кирип баратып Бабанов журналисттерге жооп берип, президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык айтты. «Келерим менен аэропорттон кармап кетпегени үчүн президентке жана укук коргоо органдарына ыраазымын. Жайбаракат туулуп-өскөн жериме барып келдим, эми суракка чакырып, сылык маанайда өтүп жатат. Баары мыйзам чегинде болот деп ишенем» деди. Ал эми 2017-жылы Он-Адырда айткан сөзү тууралуу: «Чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы» деген сөздү ар бир облуста айткам. Мен ал жерде элди бандиттерден коркпой келип добуш бергиле дегем. Тескерисинче, бардык сөзүм элди бириктирүү үчүн болгон. Ал жерде бир эле өзбек улутундагылар эмес, кыргыз улутундагылар да бар болчу. Буга чейин өлкөдө жок болчумун, келдим, эми бул иш жабылат деп ишенем»,- деди Бабанов. Азырынча бийлик тараптан Бабановго карата кескин билдирүүлөр боло элек, УКМКнын «мыйзам чегинде жооп берет» деген формалдуу жообун эске албаганда. «Республиканын» лидерин Коопсуздук комитети 23-августка да суракка чакырды. Кайсы иш боюнча экени айтылган жок.

Учурда Бабановго каршы козголгон 2 кылмыш иши бар. Биринчиси – «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелери боюнча 2017-жылдын 4-ноябрында ачылган кылмыш иши. Экинчиси – «Мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн» деп 2018-жылы 28-мартта ачылган кылмыш иши.

Эскерте кетсек, 2017-жылы түзүлгөн көз каранды эмес адистер тобу «Бабановдун Он-Адырдагы сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу жок» деген тыянак чыгарган.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо