ЧҮЙ ОБЛУСТУК СОТУ САДЫР ЖАПАРОВДУ ШАРТТУУ ТҮРДӨ АБАКТАН БОШОТУУДАН БАШ ТАРТТЫ

№877 22-28-август, 2019-ж.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин кыскартып, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан Чүй облустук соту баш тартты. Мындай чечим 19-августта облустук соттун отурумунда чыкты.

Адвокаттары «мунапыс боюнча Жапаровдун абактагы мөөнөтү 3 жыл 4 айга кыскарышы керек» деп жатышат. Алар июлда Аламүдүн райондук сотуна кайрылып, сот «мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти» деген шылтоону айтып Жапаровго жеңилдик берүүдөн баш тарткан. Ушул эле чечимди 19-августта облустук сот күчүндө калтырды. Эгер жаза мөөнөтү кыскартылса, Жапаровдун шарттуу түрдө эркиндикке чыгышына мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Жапаровдун жактоочулары соттун «мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти» деген негиздемесине макул эмес. Алар ушундай эле жагдайда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун мөөнөтү кыскартылганын, мындан башка да фактылар бар экенин мисалдар менен облустук соттун жыйынында айтып беришти. Бирок сотто ал аргументтерге маани берилген жок. Адвокаттар эми Жогорку Сотко кайрыларын билдиришти.

Буга чейин Бекболот Талгарбеков, Кубан Кадыров, Бектур Асановго да ушул эле мунапыс колдонулуп, алар эркиндикке чыгышкан. Андыктан Жапаровго карата сот чечимдери өлкөдө мыйзамдар баарына бирдей иштебесин дагы бир жолу көрсөттү. Садыр Жапаров коомдо саясий туткун деп бааланып, абакта отургандардын бири. Анын саясий позициясын туура көрүп, айткан сунуштарын колдогондордун саны өлкөдө аз эмес. Айрыкча «Кумтөр» маселесинде өзүнүн так позициясы менен айырмаланган Садыр Жапаров атамбаевдик бийликтин тушунда 11 жарым жылга эркинен ажыратылган. Сот аны 2013-жылы Караколдогу митингде бийлик өкүлүн барымтага алууга күнөөлүү деп тапкан. Быйыл апрелде Жогорку Сотто Жапаровдун иши кайра каралып, анын жаза мөөнөтү 1 жарым жылга кыскартылган.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо