САПАР ИСАКОВ ТЕРГӨӨ АБАГЫНАН ООРУКАНАГА ЖЕТКИРИЛДИ

№877 22-28-август, 2019-ж.

16-августта мурдагы премьер Сапар Исаков ден соолугу начарлап, УКМКнын тергөө абагынан ооруканага жеткирилди. УКМКнын маалыматына таянсак, дарыгерлер Исаковго «кыр арка омурткасындагы кан айлануу бузулган» деп диагноз коюшту. Учурда Улуттук госпиталда, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, учурда абалы канааттандырарлык. Ооруканада канча күн жатары азырынча белгисиз.

Сапар Исаков премьер кезинде өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген Гүлнура Төралиева 20-августта билдирүү жасап, Исаковдун абалы начар экенин жарыялады. «Сапар Жумакадыровичтин абалы жакшы эмес. Отура албайт, өңү кубарып кеткен, алсыз. Жөндүү диагноз коюша элек. Сапар Исаковго жөндүү медициналык кароо жүргүзүүнү суранам»,- дейт Төралиева.

Кыр арка омурткасындагы кан тамырлардын синдрому – бул омуртканын ичиндеги тамырларда кан айлануунун бузулушу. Бул синдром жаш куракта инсульт алуунун бирден-бир себеби болуп саналат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо