БИР БҮРКҮМ. АТАМБАЕВ 2 АЙГА КАМАКТА КАЛДЫ...

№877 22-28-август, 2019-ж.

  • Кыргыз өлкөсүнөн АЖЫЛЫК САПАРГА кеткендердин алгачкы тобу 17-августта Бишкекке кайтып келишти.
  • Ош шаарында 17-августта «ОШ ФЕСТ-2019» туристтик фестивалы өттү.
  • Жол эрежесин бузуунун 8 түрү боюнча АЙЫП ПУЛДУН СУММАСЫ азайтылат. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков билдирди.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ 2 айга, 26-октябрга чейин камакта калтырды.
  • "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин жактоочусу АЛИ КАСЫМОВ 26-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Ал быйыл 2-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.
  • УКМК: Социалдык түйүндөрдө массалык баш аламандык боло тургандыгы жөнүндө БИЛДИРҮҮ ТАРАТКАН жаран кармалды.
  • Жалал-Абад шаарында 21-август түнү Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан ӨРТ ЧЫГЫП, базардын 2500 чарчы метр аянты күйүп кетти.
  • Кыргыз жеринде 22-23-24-август күндөрү аба кескин салкындап, ЖААН-ЧАЧЫН БОЛОРУ күтүлүүдө.
  • АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылганын ИИМден кабарлашты.
  • 21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы КАМПАДАН ӨРТ ЧЫГЫП, эки адам жабыркады.
  • ЖЫЛДЫЗБЕК ИСАКУЛОВ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин Баткен облусунун жетекчисинин орун басары эле.
  • Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын уюштурган күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин КЫЗМАТТАН АЛУУНУ СУНУШТАП президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
  • РЕНАТ ТҮЛӨБЕРДИЕВ "Улуттук башкаруучу компания" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо