№877 22-28-август, 2019-ж.
Жай мезгили болгондуктан колубузда бардык жер-жемиштер бар. Учурдан пайдаланып бет терисин жер-жемиштеги витаминдер менен азыктандырып алсак болот. Ошентсе да колубузда деп эле көз көргөн нерсенин баарын бетке сүйкөй берген болбойт. Бул жаатта бизге косметолог Жаркын Атаканова кеңеш берет.
Терини кургата турган касиети бар жемиштерди колдонуу керек. Айрыкча жай мезгилинде бет тердеп, бактериялар козголуп безетки көп чыгат. Мындай териге ананас, лимон, киви, кулпунай, помидор жардамга келет. Айрыкча помидор безеткилердин душманы.
Кургак беттерге бадыраң, банан, дарбыз, шабдалы, алмуруттан маска жасасаңыз жакшы. Анткени алардын курамындагы витаминдер нымдандырат жана жумшарта турган касиетке ээ.
Бул учурда биз жогорудагы саналган жемиштерди да аралаш колдонсок болот. Мисалы, мурундун үстү, маңдай жактар майлуу болсо помидордон маска жасап, кургак жерлерине бадыраңдан маска жасасак болот.
Жүзүм, кара өрүк, авокадо, малина сизге жардамга келет. Айта кете турган нерсе, жүзүмдү көбү данегинен ажыратып туруп колдонуп жүрүшөт. Тескерисинче, данектеринде жашарта турган коллагендер көп. Бырышка каршы эң кымбат кремдер жүзүмдүн данектеринен жасаларын биле жүрүңүз. Жүзүмдү колдонуу үчүн аны данеги менен кошо блендерден өткөрүп ботко жасап аласыз.
Алма
Алма бетти агартуу үчүн жана серпилгичтигин жогорулатуу үчүн аралашма терилүү бетке колдонулат. Таза жуулган алманы бөлүп, данектерин алып кыргычтан өткөрүп ботко жасап алып колдоно берсеңиз болот.
Банан
Эгер бетиңиздин териси кургак болсо, орточо бананды кашык менен эзип, ага 1 аш кашык йогурт кошуп бетиңизге сүйкөңүз. Ага дарыканаларда сатылган А витамининин капсуласын же таблеткасын алып бирден кошуп койсоңуз эффективдүү болот. Банан нымдандыруучу, сергитүүчү, жумшартуучу касиетке ээ.
Жүзүм
Жүзүмдүн курамында көп витаминдер бар. 15 даана жүзүмдү алып жууп, сыртын сыйрып салабыз. Блендерге данеги менен кошо салып эзип, ага бир тамчы зайтун майын куябыз. Аралашма бетиңиздин бырыш түшө баштаган бөлүктөрүнө жакшы таасирин берет.
Кулпунай
Кулпунайдын эң негизги сапаты – беттин серпилгичтигин жогорулатат жана нымдандырат. 5-6 даана кулпунайды жууп алгандан кийин эзип, бетке сүйкөй бериңиз. Бул майлуу бет териси үчүн пайдалуу.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |