№405 6-12-август, 2010-ж.
– Акылбек мырза, айтсаңыз, сиз «Ар-намыс» партиясына эмне үчүн кошулуп калдыныз?
– Биз 2005-жылы жалпы революциячылар чогулуп, партияларга мүчө болууну токтотконбуз. Андан бери бир да партияга мүчө болуп кирген эмесмин. Азыркы парламенттик шайлоодо кайсы партия көп упай топтосо, анын лидери премьер-министр болот жана анын жоопкерчилиги өтө чоң. Ушундан улам менде «кайсы партияга мүчө болсом, келечекте кыргыздын көчүн түздөй алабыз?» деген ой пайда болду. Ошондуктан бийликке келе турган партиянын лидери өлкөгө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу менен бирге экономикабызды өнүктүрүүдө тажрыйбасы бар, бардык жактан бышып жетилген инсан болуусу зарыл. Андыктан “Ар-намыс” партиясынын программалары менен кеңири таанышып чыгып, лидери Феликс Шаршенбаевич мындай талапка жооп берет деген чоң ишеним менен мүчө болуп кирдим.
– «Ар-намыс» саясий партиясы азыркы учурдагы өлкө ичинде болуп жаткан кырдаалга кандай баа берет?
– Биз бүгүн сөздөн ишке өтүүбүз шарт. Себеби Кыргызстан 20 жыл аралыгында эки революцияны башынан өткөздү. Андыктан жалпыбыз жапа тырмак киришүү менен бирге келечегибиздин көчүн түздөөгө аракетибизди жумшасак жана кадрларыбыздын иш жөндөмүнө чоң көңүл бурсак, өлкөбүз жакынкы 10 жыл аралыгында өнүгүү жолуна түшөрүнө толук ишенем.
– Өнүгүү дегенибиз менен, элет жери эске алынбай жатат. Ошондуктан элет жеринин турмушун оңдоо үчүн кандай аракеттерди жасоо керек?
– Элет жеринин жашоочуларынын басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбасы менен жан багып келерин эске алуубуз кажет. Андыктан дыйкандарыбызга жайды жайлай эмгектенген мээнети текке кетпей турган шарттарды түзүп берүүбүз керек.
Мал чарбасын алып көрсөк, Кыргызстандын малы коңшу Казакстандан башка өлкөлөргө экспорттолбой келген. Эми казак туугандар да биздин малды албай калышат. Себеби казактар мал чарбачылыгын паспорттоштурууну быйыл бүтүрүү аракетин көрүп жатышат. Демек, казак туугандар да мындан ары биздин малды жылына канча эмдөөдөн өткөргөндүгү тууралуу кагаз жүзүндөгү документти талап кыла башташат. Ошондуктан биз айыл чарба өсүмдүктөрүнө лабораториядан сертификаттарга, ал эми малга «эч кандай оорусу жок» деген тактамаларга ээ болсок, жеке эле Казакстанга эмес, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө 50-60 % кымбат баада сатууга шарттар түзүлмөк. Мындан тышкары дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруп берсек, элет жеринин жашоо-турмушу кыйла оңолоруна ишенем.
– Бүгүнкү күндө бир топ партиялар өз ара макулдашып, окшош максаттуулары биригүүдө. «Ар-намыс» партиясынын дагы башка партиялар менен биригүү пландары барбы?
– Эгерде “Ар-намыс” партиясынын программалары көңүлүнө төп келип, биздин жобонун (устав) негизинде кызматташам деген партия лидериби же карапайым жаран болобу, каалагандар кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Эльвира Караева
koom@super.kg
ПАРТИЯНЫН УСТАВЫ
“Ар-намыс” партиясынын негизги максаттары жана алдыга койгон маселелери:
Партияга мүчөлүк. Партиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери:
Партияга мүчө болуу – ар кимдин жекече ыктыяры
Партиянын мүчөсүнүн укугу:
Партиянын мүчөсүнүн милдети:
“АР-НАМЫС” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоого карата “Ар-намыс” саясий партиясы экономикалык сунуштар боюнча сынак жарыялайт.
Сынактын шарты:
Сиздин сунуштарыңызды партиянын жетекчилиги карап чыгып, эң мыкты иштер партия тарабынан пайдаланылат. Ал эми анын авторлору сыйлыкка ээ болушат.
Сынакка катышуу үчүн көрсөтүлгөн бардык иштер кайра кайтарылбайт жана катышуучуларга түшүндүрмө берилбейт.
Сыйлык фонду 155 000 сом
1-орун (1 катышуучу) 50 000 сом
2-орун (2 катышуучу) ар бирине 30 000 сомдон
3-орун (3 катышуучу) ар бирине 15 000 сомдон
Кыргызстандын элинин жашоосун жакшыртууга болгон аракетти чагылдырган жана мекенчил сезимдерди козгогон “Ар-намыс” саясий партиясынын эң мыкты девизи, жарнамалык девиз (слоган), лозунг, чакыруу, эки сап жана төрт саптуу ырына карата.
Сынактын шарты:
Сиздин сунуштарыңызды партиянын жетекчилиги карап чыгып, эң мыкты иштер партия тарабынан пайдаланылат. Ал эми анын авторлору сыйлыкка ээ болушат.
Сынакка катышуу үчүн көрсөтүлгөн бардык иштер кайра кайтарылбайт жана катышуучуларга түшүндүрмө берилбейт.
Сыйлык фонду 31 000 сом
1-орун (1 катышуучу) 10 000 сом
2-орун (2 катышуучу) ар бирине 6 000 сомдон
3-орун (3 катышуучу) ар бирине 3 000 сомдон
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |