«ТЕЗ ЖАРДАМ» УНААСЫНЫН АБАЛЫ КӨҢҮЛ ООРУТТУ

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж

Бишкекте августтун соңунда 2 жигит катуу сабалып, аларга алгачкы жардам көрсөтүүгө «Тез жардам» кызматы барган. SUPER.KG порталы жаракат алгандарды «Тез жардам» унаасына салып кетишкен учур тартылган видеону жарыялады.

Видеодо «Тез жардам» унаасынын абалы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Унаанын ичинде бейтаптар үчүн отургуч да, жаткызганга орун да, керектүү шаймандар да жок, ичи кир, булганыч экенин көрүүгө болот. Кадимки, базарда картошка ташыган жүк ташуучу унаанын ичин элестетет. Мындай шартта оорулуу адамды ташып жүрүүнүн өзү кооптуу экени көрүнүп турат. Бул өлкөнүн борбору Бишкек шаарындагы «Тез жардам» унаасынын абалы. "Чакырууга ыкчам келбейт" деп сындалып жүргөн «Тез жардам» кызматынын техникасынын абалы да кубандырбай турганын ушул тасма дагы бир жолу ырастады.

Жыл башында Жогорку Кеңеш депутаттары саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кымбат баадагы кызматтык жол тандабас минип жүргөнүн сындап чыгышкан. Министр унааны өзү эмес, атайын долбоордун алкагында сатып алынганын, андан баш тартарын айткан. Расмий маалыматка таянсак, Тойота үлгүсүндөгү жол тандабас 59 миң долларга сатып алынган. Министрликте элдин өмүрүн сактоого багытталган «Тез жардам» унааларын эмес, министрдин унаасын жакшыртуу приоритетте өңдүү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо