ШАЙЛООНУ “АРЗАНДАТУУЧУ” МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ПАРЛАМЕНТКЕ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ

№880 12-18-сентябрь, 2019-жыл

Жогорку Кеңештин 17 депутатынан турган топ Кыргыз өлкөсүнүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, кароого сунуш кылышкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жетпей жатканын демилгечи депутат Исхак Масалиев айтып чыгып, нааразычылыгын билдирди. “Азыр Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча 4 мыйзам долбоору бар. Бул мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин палатасына жетпей жатат. Биз демилгелеген мыйзам долбоорунда электрондук добуш берүү системин киргизүү, Жогорку Кеңешке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга чейин түшүрүү, сот жообуна тартылып, жазасын өтөп бүткөн талапкерлерге шайлоого катышууга укук берүү өңдүү сунуштар бар. 6 айдан бери мыйзам долбоору палатага жетпей жатат”,- деди Масалиев журналисттерге.

Аталган мыйзам долбоорун сунуштагандардын катарында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да бар. Депутат парламентке баруу үчүн 9 пайыз босого чектен өтүү бир канча партиялар үчүн, өзгөчө жаңы түзүлгөн жана оппозициялык партиялар үчүн мүмкүн эмес деген пикирде. “Бул бийликтин партиялары жана олигархтар үчүн гана мүмкүнчүлүк болуп жатат. Эң көп дегенде 3 партия өтөт. Көп партиялар 9 пайыздан өтө алышпайт. Оппозициянын болушу күчтүү коомдун өнүгүшүнө жана бийликтеги баланс үчүн маанилүү механизм экенин түшүнө электигибиз өкүнүчтүү. Мындай жол менен аткаруу бийлиги көзөмөл алдында калат”,- дейт Шыкмаматов. Айрым саясатчылар шайлоого катышуу үчүн коюлуучу күрөөнүн суммасын да азайтуу керектигин айтышууда. Азыркы мыйзамдар боюнча, 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоодо күрөөнүн суммасы 5 миллион сомду түзөт. Аны 1 миллион сомго чейин кыскартуу сунушталууда.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо