№880 12-18-сентябрь, 2019-жыл
8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык юбилейи өттү. Актриса жакында II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Юбилей актрисанын туулуп-өскөн жери Ысык-Көлдүн Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылында болду.
– Менин ысык-көлдүк жердештерим бул жолку юбилейимди өз демилгелери менен өткөрүп беришти. Мааракемди Ысык-Көл облусунун администрациясы, райондун акимчилиги уюштурду. Мындай жогорку деңгээлде өтөт деп күткөн эмесмин. 15 чактыдай боз үй тигилип, өздүк майрамыма маданият министри Азамат Жаманкулов, искусство адамдары келишти. Шакирттерим, “Туңгуч” театрынын актёрлору Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов келип колдоп кетишти. 1000дей адам конок болду окшойт. Жолдошум, уул-келиним, кызым, неберелерим баары барышты. Эми Ош шаарында 15 улуттун өкүлдөрү катышкан эл аралык фестиваль өткөрүлөт. Бул “Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына арналган” фестиваль болгондуктан өзүм барып катышам. Республикалык деңгээлде өткөрүлгөнү жатат. Бул нерсенин өзү чоң сый-урмат. Талант сыйлаган элиме рахмат,- дейт кубанган актриса.
«Туңгуч» театрынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Борбордук Азиянын чыгаан актрисасы Жамал Сейдакматова 1938-жылы 21-сентябрда төрөлгөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |