№880 12-18-сентябрь, 2019-жыл
Заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган “Ак кеме“ тасмасындагы бакыраң көз кичине бала дагы деле баарыбыздын эсибизде болсо керек. Анын образын жараткан актёр Нургазы Садыгалиев "51+" тасмасында башкы ролду ойноду. Аталган тасма Казакстанда өткөн "Байкоңур" кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалында “Мыкты тасма” аталды. Көптөн бери тасмага тартыла элек актёрду бул жеңиши менен куттуктап, ага байланыштык:
– Ооба, мен кайрадан тасмаларга тартылып жатам. Данияр Абиров деген режиссёр жигитти таанысаңар керек. Экөөбүз бир топ жылдан бери кыска метраждуу фильмдерди тартып, иштешип жүрөбүз. Негизи, мен аскердик оркестрде музыкант болуп жүрүп пенсияга чыккам. “51+” тасмасында электриктин ролун аткардым. Фильм жакшы жыйынтыктарга жетип жатканына аябай кубанып турам,- дейт актёр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |