АДАХАН МАДУМАРОВ БИЙЛИККЕ: “ИШТЕЙ АЛБАСАҢАР ОРДУҢАРДЫ БОШОТУП БЕРГИЛЕ”

№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл

Белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы адам өмүрүн алган окуя боюнча билдирүү жасады. Саясатчы азыркы бийликти “жөндөмсүз” деп сындады.

– Бул иштерди болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк бар болчу. Эми күчөтпөй коюу жолдору бар. Биринчиден, бийлик ал аймакта колунан иш келгендерди кызматка коюшу керек. Эч нерсени түшүнбөгөн, сабатсыз, бийликке жагынган инсандарды алып келип алгандын кесепетинен бир топ туура эмес иштер болуп жатат",- дейт Мадумаров. Ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кызматка жармашпай кетип калууну сунуштады.

“Колуңардан иш келбей жатса, аны моюнуңарга алып, кызмат ордуңарды мамлекеттин, журттун кызыкчылыгын коргой ала турган азаматтарга бошотуп бергиле”,- деди Мадумаров. Бул билдирүүнү “арга кеткенде айтылган сөз” деп туура көргөндөр да, “популисттик аракет” деп сындагандар да болду.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Мадумаровду “2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде Кыргыздын жерин Тажикстанга 49 жылга ижарага берип жиберген. Бул бүгүн талаштуу аймак деген маселени күчөтүп жатат”,- деп күнөөлөп жатат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо