ПРЕЗИДЕНТ УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН МҮЧӨЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл

14-сентябрда 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий эмес жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп, ага Убактылуу өкмөттүн 12 мүчөсү катышты. Жолугушууда өлкөдөгү негизги маселелер талкууланганы айтылды. 2010-жылы түзүлүп, 1,5 жылдай иштеген Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү учурда мамлекеттик кызматта иштебейт. Президенттин алар менен жолугушуусун коомчулук “өлкө башчысынын бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүүгө, кызматташууга даяр экендигинин белгиси” деп кабыл алууда. Бул жолугушууга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнчө жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бул кездешүүнү Эмил Каптагаев “Текебаев менен Чотоновдун эркиндикке чыгышынын урматына” деп түшүндүргөн. Эске салсак, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгон. Алардын ичинен экөөсү жолугушууга катышкан жок.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо