АФК ПРЕЗИДЕНТИ РАСМИЙ ВИЗИТ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КЕЛДИ

№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл

17-сентябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Кыргыз өлкөсүнө келди. Ал биздин өлкөдө 19-сентябрга чейин болот. АФК президенти иш сапарынын алкагында Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов менен жолукту. Алар биргеликте өлкөдөгү футболдун абалы, келечеги жана келечекте конфедерация менен кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүштү. Тактап айтканда, эки тарап АФКнын бир катар программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.

Мындан тышкары Шейх Салман бин
Ибрагим Аль Халифа
президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда алар футболдун деңгээли, келечектеги пландар жана кызматташтыкты арттыруу жөнүндө сөз кылышты. Ал эми Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов өлкө башчыга АФК менен Эл аралык футбол федерациясынын жардамы аркылуу Бишкек менен Ысык-Көлгө курула турган футбол борборлорунун дизайн-долбоорлору менен тааныштырды. Бул борборлор мамлекет тарабынан бөлүнгөн жер тилкеге салынары пландалууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсү 1994-жылдан бери АФКга мүчө. 25 жыл аралыгында ал уюмдун көмөгү менен өлкөдө футболду өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн программалар ишке ашып келет.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо