АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ КОРГООГО БЕКИТИЛГЕН УКМКнын ЭКС-КЫЗМАТКЕРИ КАМАККА АЛЫНДЫ

№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл

Аскер прокуратурасы УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди камакка алды. Ал Кой-Ташта 7-8-августта орун алган окуялар боюнча кылмышка шектелип жатканын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

«Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Сагымбаевди камакка алды. Ал 7-августта Атамбаевдин үйүндө болгон окуялар боюнча шектелип жатат. Кой-Таштагы окуя учурунда Сагымбаев УКМКнын 9-бөлүмүнүн «экс-президентти кайтаруу» деген тапшырмасын аткарып жүрдү. Андан ал тапшырманы ошол маалда эч ким алып салган эмес. Ал өз милдетин аткарды. Эч кандай кылмыш кылган жок, эч кимди өлтүргөн жок»,- дейт Жоошев.

Маалыматка таянсак, Сагымбаевге Кылмыш кодексинин 4 беренеси боюнча: «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу» кылмыш иштери козголгон. Бөгөт коюу чарасы аныкталганга чейин Сагымбаев Бишкек горнизонунда кармалат.

20-сентябрда Канат Сагымбаев УКМКнын 9-бөлүмүнөн кызматтан бошотулганы айтылган. Замир Жоошев «Сагымбаев видеороликте Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы үчүн иштен алынды» деп билдирген. Бул боюнча УКМК комментарий берген жок.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо