Сооронбай Жээнбеков: «ТҮРКИЯ 28 ЖЫЛДА КЫРГЫЗГА 600 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ИНВЕСТИЦИЯ САЛДЫ»

№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл

24-сентябрда Бишкекте Кыргыз-Түрк бизнес форуму өттү. Өлкөлөрдүн экономикалык байланышы талкууланган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Түркия эгемендүү Кыргыз өлкөсүнө 600 миллион доллардан ашык түз инвестиция салганын билдирди: «Кыргыз-Түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы ыргакта өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан 93 миллион доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргыз мамлекетине эгемендик алгандан бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 миллион доллардан ашат».

Президент Кыргыз-Түркия ортосунда экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын эскертип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 400 миллион доллардан 1 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Айрым эксперттер бийлик Түркияны инвестиция салууга чакырганы менен, инвесторлорго шарт түзүп бере албай жатканын айтып жатышат. Мисалы, Түркиянын каражатына курулган Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы. Келишимге ылайык, оорукана 2017-жылы ишке берилмек, бирок бериле элек. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, эки өлкө оорукананы иштетүү шарттары боюнча бир пикирге келе албай жатат.

Өлкөдө инвесторлорго шарт түзүүдө, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыкты коргоодо мүчүлүштүктөр көп экени айтылып келе жатат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо