САРУУДА ДЕПУТАТ БОЛЧУЛАР «30 ПАЙЫЗ КВОТАНЫ АЯЛДАРГА БЕРБЕЙБИЗ» ДЕП ЧЫГЫШТЫ

№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл

22-сентябрда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Кызык шайлоого жакын башталды. Алдашев айылынан талапкер болгондор «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго жамааттык кат жөнөтүшкөн. Алар мыйзамдагы «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөртүүгө макул эмес экендиктерин билдиришкен. Аял-эркектердин тең укуктуулугун, гендердик теңдикти кабыл алгысы келбеген жергиликтүү кеңештин депутаттары мындай абалда кантип иштеп, маселе чечери кызык.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 13-августунда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна кол койгон. Ал мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Ал мыйзамдагы негизги өзгөртүү «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген норма.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо