БИР БҮРКҮМ. СПОРТ ШААРЧАСЫН КУРУУГА ЖЕР БӨЛҮНДҮ...

№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл

  • Казак президенти Касым-Жомарт Токаев ноябрда Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен келет.
  • Саламаттык сактоо министрлиги: «Ыктыярдуу кан тапшыруу кескин азаюуда. 34 жыл мурун ыктыярчылар 178 миң адамды түзсө, 2018-жылы 39 миңди түздү».
  • II улуттук көчмөндөр оюндары 2021-жылы Ош облусунда өтөт.
  • Парламентте билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берип, кызматына расмий киришти.
  • Ош шаарынан Өзбекстандын Анжиян шаарына каттам ачылды.
  • Улуттук банк 24-сентябрда «Тарыхый окуялар» сериясынан «Евразия экономикалык союзуна 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
  • Бишкекте спорт шаарчасын курууга Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн 12 гектар жер бөлүндү.
  • Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын 2 кызматкери кармалды. Алар жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан пара талап кылышкан.
  • Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова: “Өлкө боюнча 652 мектепте ысык тамак берилбейт”.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды.
  • Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда жарандарга берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын маалымдады.
  • 25-сентябрда Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы 4 авиакаттам убактылуу токтотулду.
  • Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы: "Кыргыз Республикасында 2669 мечит каттоодон өткөн, мындан башка каттоодон өтпөгөн 300 мечит иш алып барууда".

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо