ДЕПУТАТ ТӨРӨБАЕВ “ТРОЛЛИЛЕРДЕН” ЧОЧУЛАП ЖАТКАНЫН КӨРСӨТТҮ

№883 3-9-октябрь, 2019-ж.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын Жогорку Кеңештин депутаттарын интернеттеги жалданма пикир жазгычтар ойлондура баштады.

Жогорку Кеңеште “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бул маселени комитет жыйынында козгоду. “Акыркы кездерде Жогорку Кеңешти жаман көрсөтүү күч алды. Бизди ар андай сөздөр менен сындап жатышат. Эң негизги курал социалдык түйүндөр болуп калды. Президенттин буйругу, өкмөттүн, парламенттин чечимине эч ким ишенбей, социалдык тармакка ишенип жатышат”,- дейт Төрөбаев.

Эл өкүлү алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу кеп кылып, эми талапкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтар тарап башташы мүмкүн деп, интернеттеги “фейк” колдонуучулардын жоопкерчилигин кароо керектигин кошумчалады. “Эртең жетинчи чакырылышка сабатсыз парламент келип калышы мүмкүн. Илими барбы, билими барбы ошол жагын да карап коюш керек. Эртең тажрыйбалуу юрист, мугалим, врач келбей калса, анда базаркомдор келет”,- деди депутат.

Төрөбаев азыркы парламентте отургандардын басымдуу бөлүгү мурда базарда, соодада жүргөндөр экенин унутуп калган көрүнөт. Азыркы парламент коомчулук тарабынан дал ошол мыкты юрист, врач, мугалимдердин дээрлик жоктугу үчүн сындалып жүрөт. Буга чейин Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар 6-чакырылыштын депутаттарына “базаркомдор” деп баа бергени үчүн депутаттар парламент трибунасынан аларга чара көрүү керектигин айтып чыгышканы белгилүү.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо