“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” ӨЗҮНҮН 25 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

№883 3-9-октябрь, 2019-ж.

Жакында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт. Интернет азыркыдай өнүгө элек заманда “Кыргыз почтасынын” коомчулук үчүн кылган кызматы кандай маанилүү болгонун айтпаса да түшүнүктүү. Бүгүн да “Кыргыз почтасы” өлкө ичиндеги байланышты камсыздоодо, тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө талыкпай иштеп келе жатат.

1878-жылдын 14-майында Пишпекте (азыркы Бишкек) негизги почталык контора иштеп баштаган. Дал ушул күн Кыргыз Республикасынын почтасынын күнү катары белгиленип калган.

Эгемендүүлүк алгандан кийин 1993-жылы Кыргыз өлкөсү “Эл аралык почта бирикмесине” кошулган. Ал эми 1994-жылдын 14-февралында Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ошол учурдагы Маалымат жана байланыш министрлигинин алдында “Кыргыз почтасы” департаменти түзүлгөн.

9-октябрда “Кыргыз почтасы” өзүнүн 25 жылдыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө бул мамлекеттик ишкана көптөгөн социалдык функцияларды аткарып келет. Учурда мекемеде жалпы 4500дөн ашык кызматкер эмгектенүүдө. Ушул жылы Дүйнөлүк почта уюму тарабынан "Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу" боюнча долбоору колдоого алынып, 120 миң доллар бөлүнгөн. Анын алкагында аталган уюм "Кыргыз почтасы" үчүн Лада үлгүсүндөгү 18 унааны сатып берди.

“Супер-Инфо” гезити негизделгенден берки өнөктөшү болгон, өлкөбүздүн бардык аймактарында коомчулук үчүн кызмат өтөп келе жаткан “Кыргыз почтасынын” жалпы жамаатын, ошондой эле ишкананын жетекчиси Марс Наспековду 25 жылдык мааракеси менен куттуктайт. Ар бир почта кызматкерине чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо каалайт!

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо