БИР БҮРКҮМ. МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨБҮ?..

№883 3-9-октябрь, 2019-ж.

  • 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине 98,4 миллиард сом киреше түштү.
  • Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Нурлан Өмүров дайындалды.
  • Бишкектеги олимпиадалык резервдер мектеби 48 миллион сомго оңдолду.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинаны 9-декабрга чейин үй камагында калтырды.
  • УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө жарыяланды.
  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү тууралуу токтомго кол койду.
  • Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда.
  • Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиев 70 жашка чыгып, улгайгандыгына байланыштуу кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
  • Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытайдын көмөгү менен 280 миллион долларга өнөр жай соода-логистикалык борбору курулат.
  • Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеп келген Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.
  • Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы 7 гектардан ашык жерди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берип, 2 миллион сом алган деп шектелип, УКМК тарабынан кармалды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо