ЧИНОВНИК КҮЛКҮСҮ ҮЧҮН ИШТЕН АЙДАЛДЫБЫ?

№886 24-30-октябрь, 2019-жыл

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине байланыштуу кайрадан чырдуу маалымат талкууга түштү.

Аталган министрликке караштуу Жайыт, мал чарба жана балык чарбасы департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов мыйзамсыз жумуштан алынганын айтып чыкты. Анын айтымында, кызматтан бошотулушуна жыйында күлгөнү себеп болгон. Ал аталган министрликтин башчысы Эркинбек Чодуевди “мени иштен кетирүүгө мыйзамсыз сунуш киргизди” деп сотко берүүнү көздөп жатат.

Эркинбек Чодуев коллегияда мени өз каалоосу менен жумуштан кетти деп айтыптыр. Бирок мен өз каалоом менен кызматтан кеткен эмесмин. Министрликтен "сен тынч кетип калсаң, сага башка жактан жумуш беребиз" дешти. Мен министр Эркинбек Чодуев менен эч качан иштешпейм. Бул киши артка гана тартат”,- дейт Мамытканов.

Ал эми Чодуевдин кеңешчиси Асылбек Исаков аталган окуя боюнча буларды билдирди: "Министрликтин буйругу менен иш сапарларга жөнөтүлгөндө Бакытбек Мамытканов өз буйругу менен иш сапарына бир-эки күн кошуп алат болчу. Бул жорук биздин эрежелерге туура келбейт".

Бакытбек Мамытканов 2019-жылдын 4-октябрында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


Аткаминер: "Күлгөнүң үчүн деген шылтоо менен кызматтан алышты"

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо