Алтынбек Сулайманов: “ӨКМӨТ ИРИ ҮСТӨК ПАЙЫЗЫ МЕНЕН КАРЫЗ АЛЫП ЖАТАТ”

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж

29-октябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов өкмөттү “ири үстөк пайызы менен карыз алып жатат” деп сындады. Эл өкүлү жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго суроолорду узатты.

“Өкмөт 1 жылда 18 пайыз менен 12 миллиард сом ички карыз алып, жылына 2 миллиард сом процент төлөгөнү такыр туура эмес саясат. Бул эмне деген мамиле? Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 4 пайыз менен насыя алсаңар болот беле? Ал жактагы каражаттар бүгүнкү күнгө чейин толук иштетилбей жатат. Өкмөт, башкаларга 4 пайыздан насыя бересиңер да, өзүңөр 18 пайыздан карыз алып жатасыңар. Бул чыккынчылык. Ошол 2 миллиард сомдун тегерегинде көп кызыкчылыктар бар”,- деди депутат.

Бул сын айтылып жатканда биринчи вице-премьер Боронов “туура айтасыз” дегендей ишарат кылып, башын ийкегилеп отурду. Башка жооп айта алган жок.

Депутаттар болсо парламенттик шайлоо жакындаган сайын элге акыйкаттуулук үчүн күрөшүүчү, элдин кызыкчылыгын ойлоочу катары көрүнүү аракеттерин күч алдырышты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо