БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ УНААЛАРДЫН САНЫ 3 ЭСЕ КӨБӨЙДҮ...

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж

  • 28-октябрдан тарта Ош эл аралык аэропортунда “Кувейт-Ош-Кувейт” багыты боюнча жаңы каттам ачылды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: 2018-жылы Кыргыз мамлекетинен 317 медик чет мамлекетке иштегени чыгып кеткен.
  • 2020-жылдын 1-январынан баштап мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
  • Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтүн 2 айга узартты.
  • Мамкаттоо: Кыргыз өлкөсүндө 2010-жылы 444 миң машине катталган болсо, бүгүнкү күндө унаалардын саны 1 миллион 348 миңге жетти.
  • ИИМ: 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп.
  • Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,12 миллиард метр кубду түздү. Былтыр бул убакта суунун көлөмү 18,9 миллиард метр куб болгон.
  • Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган 60 видеокамера орнотула баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
  • 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 137си интернетке туташкан эмес. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.
  • Шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
  • Кыргыз Республикасы саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча 195 өлкөнүн арасында 47-орунда. Бул рейтингди АКШдагы Жон Хопкинс университетинин Блумберг коомдук саламаттык мектеби чыгарды.
  • Кыргыз Республикасында уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо