КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА 12 ЖЫЛГА СОТТОЛГОН ЧИНОВНИК ИЗДЕЛҮҮДӨ

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл

Ири суммада пара менен кармалып, 12,5 жылга эркинен ажыратылган мурунку чиновник Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь РИИБинен билдиришти. Алмаматов – Транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы.

Ал 2018-жылы УКМК тарабынан "унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схемаларды түзгөн" деп айыпталып, Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Быйыл 9-июлда Бишкек шаардык соту анын жазасын жеңилдетип, 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен чиновникти эркиндикке чыгарган.

Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга арыз жазган. Жогорку Сот бул ишти 30-октябрда карап, Октябрь райондук сотунун чечимин туура деп тапты. Чиновникти кайрадан камакка алуу үчүн милиция аны үйүнөн таппай калды.

Бул окуя соттук реформа жүрбөй жатканын, соттордун жоопкерчилигин күчөтүү зарыл экенин дагы бир жолу көрсөттү. Буга чейин УКМК Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликске издөө жарыялаган. 1300 документти жок кылып, “өлкөдөн чыгып кетти” делген Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Эрнис Чоткараев болсо учурда АКШда жашап жатканы маалым.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо