АЙЭРКЕН САЙМАИТИ МЕНЕН ДЕПУТАТ ТӨРӨКУЛОВДУН КАНДАЙ БАЙЛАНЫШЫ БАР?

№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл

Түркияда киши колдуу каза тапкан ишкер Айэркен Саймаитинин Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, талкууга түштү. Сүрөттөн аталган эки адам бир топ адамдар менен кошо тамактануучу жайлардын биринде отурганын көрүүгө болот.

Буга чейин Саймаити менен Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун да чогуу түшкөн сүрөттөрү тарап кеткен.

Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп иштээри да маалым болду. Стамбулдагы окуядан кийин Мамасалиев арыз жазып жумуштан кеткенин Зулпукаров билдирди. Мыйзам боюнча атанын иши үчүн баласы, же тескерисинче, баласы үчүн атасы жооп бербейт. Зулпукаров жардамчысы эмнеден улам кызматтан кеткенин ачыктап айтып берген жок. Мамасалиев аталган депутатка жардамчы болгонго чейин УКМКда иштегени белгилүү болду.

Чыгып жаткан жаңы маалыматтардан улам Саймаитинин өлүмүн калыс иликтеп, чындыкты ачыкка чыгаруу зарыл деген талаптар айтылууда. Дүйшөн Төрөкулов парламентте “Бир бол” фракциясынан депутат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо