№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети МАИ кызматынын мурдагы жетекчиси Талантбек Исаевге кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен катталды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Исаев 2011-жылы «Манас Менеджмент» компаниясында иштеп тургандагы каржылык маселелер боюнча кылмышка шектелип жатат.
Талантбек Исаев 2011-жылдан 2014-жылга чейин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгын жетектеген. 2018-жылдын 11-октябрында Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына дайындалган. Чиновник «Кыргызстан» партиясынын лидери, учурда парламент депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |