ГИАЛУРОН КЫЧКЫЛЫ – БЫРЫШ МЕНЕН КҮРӨШҮҮЧҮ ЗАТ

№892 5-11 декабрь, 2019-жыл

Гиалурон кычкылы (гиалуронат, гиалуронан) – гликозаминогликану молекуласы, адамдын терисиндеги маанилүү компонент болуп саналат. Болжол менен 70 килограмм салмактагы адамда 15 грамм гана гиалурон кычкылы болот. Мунун 1934-жылдан баштап окумуштуулар жаныбар сырьёсунан бөлүп алууну өздөштүрө башташкан. Ошондон бери гиалурон кычкылын короздун таажысынан, бодо малдын көзүндөгү айнек сымал теладан алып келишет. Алынган затты косметикалык каражаттарга кошуп өндүрүшкө чыгарышат.

Гиалурон кычкылы теридеги нымдуулукту камсыздайт. Эластин менен коллаген заттарын клеткаларга туура бөлүштүрүп, түзүлүшүн жакшыртып, жашартат.

ГИАЛУРОН КЫЧКЫЛЫНЫН НЕГИЗГИ КАСИЕТТЕРИ

► суунун балансын кармайт

► нымдантат, теринин клеткаларын коргойт

► серпилгичтикти, тонусту көтөрөт

► бырыштарды жазат

► кан айланууну жакшыртат

► май чыгаргыч бездердин иштешин калыбына келтирет

► косметикалык каражаттарга кошулган башка компоненттердин сиңишин күчөтөт

Косметикалык каражаттардын таңгагынан Hyaluronic acid деген жазууну көрсөңүз, бырыштар менен күрөшүүчү каражат деп эсептөөгө болот.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо