ЭРКЕК ЧОҢ ЭМЧЕГИНЕН КУТУЛДУ

№408 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.

Кызык экен

Кытайлык сүт фермасынын ээси 53 жаштагы Го Фэндин эмчеги 44 жашынан кийин эле өсүп, чоңоё баштаган. Эркек өзү да семирип бараткандыктан, эмчегинин чоңойгонуна алгач анчалык маани берген эмес. Бирок билинбей жүрүп отуруп, анын эмчеги 12-өлчөмгө өсүп жетип, “секс-бомба” атала баштайт. Ошондо гана Го «аялга айланып баратамбы?» деп дүрбөлөңгө түшүп, дарыгерлерге кайрылат. Медиктер текшерип көрүп, анын эмчегинин чоңоюшуна залалсыз шишик (гинекомастия) себеп экендигин аныкташат. Гинекомастия адам семиргенде организмдеги гормондордун өзгөрүшүнөн улам келип чыгат. Акырында врачтар Гого операция жолу менен шишикти алууну сунушташат. Ошентип операция 5 саатка созулуп, жакшы жыйынтык менен аяктады. Хирург өзүнүн 30 жылдык иш тажрыйбасында мынчалык чоң эмчектүү эркекти жолуктурбаганын айтат.


КЫЗДАР 7 ЖАШЫНАН ЖЕТИЛЕ БАШТАДЫБЫ?

Балдардын семирүү эпидемиясы учурда кыздарды 7-8 жашында эле жетилүүгө алып келүүдө. Эксперттер мунун себепкери толук кыздардын организминдеги май ткандары деп көрсөтүшөт. Анткени май ткандары гормондордун көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттайт. Бул болсо эрте жетилүүгө алып келет.
АКШнын окумуштуулары ар бир 10-кыз 7 жашынан эле жетилерин тастыкташууда.
Мындай эрте жетилүүнүн эң жаман жагы болуп эмчектин рак оорусунун жана жүрөк-кан тамыр дарттарынын келип чыгышы эсептелет.
Доктор Жереми Аллегров: “Эрте жетилген кыздар көп санда болбосо да кездешет. Алардын этек кири да эрте келет. Андыктан энелер кыздарынын келечегинен тынчсызданышып, бизге көп кайрылышат”,- дейт.
Эрте жетилүү боюнча артка кайрылып көрсөк, 1930-жылдары эрте жетилди деген кыздардын жашы 15 жашты түзгөн. 1950-жылдары бул көрсөткүч төмөндөп, 11-12 жашты түзүп калган. Эми минтип 7-8 жашка чейин түшүүдө.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
01.09.2010. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын айланайын илгери биз иии жон эле торпок болгонбузда азыр карап турсан жааш кыздардын ойуна биздин ойго келбеген нерселер келип кетет:) озумон он жаш кичуу синдим карап турсам кееде кее бир темаларды онойураак ойлонуп чечип койот:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо