БИР БҮРКҮМ. АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ ЭЛЧИ БОЛДУ...

№894 19-25-декабрь, 2019-жыл

  • Депутат Исхак Масалиев төрага Дастан Жумабековду кызматынан кетирүү боюнча фракциясына сунуш киргизди.
  • Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылды.
  • “Чек арасыз кабарчылар уюму”: "Ушул жылы дүйнө жүзүндө 49 журналист кесибине байланыштуу каза тапты, 389у камалды, 57си барымтага алынды".
  • Орусияда кыргыз мигранттары ОМОН кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылгандыгы айтылды.
  • Орусия Кыргыз өлкөсүнө кызылча дартына каршы кайтарымсыз 100 миң доза вакцина берет.
  • ИИМ: «Кыргызстанда жыл башынан бери 18 тоннадан ашык мыйзамсыз баңгизаты табылды».
  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Ачык-айкындуулук аркылуу бажыга болгон ишенимди кайтарабыз».
  • Тарых музейин реконструкциялоо иши: Сапар Исаков сот отурумуна катышуудан баш тартты.
  • ИИМ: «9 жыл аралыгында 800дөн ашуун кыргызстандык Сириядагы согушка катышкан».
  • Баткенде Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, айылдык кеңештин депутаты октон жаракат алды.
  • Парламент депутаты Зиядин Жамалдинов: «ЕАЭБге киргенибиз менен мигранттар кыйналып жатышат».
  • Конституциялык палатанын судьялыгына шайланган Кырккелди Кыдырбаев парламентте ант берди.
  • Мамлекеттик ветеринардык инспекцияга атайын долбоордун алкагында 54 автоунаа сатып алынды.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо